Германияда башкаруучу коалиция түзүлдү
Консервативдик блок ХДС/ХСС менен Германиянын Социал-демократиялык партиясы (СДПГ) парламенттик шайлоодон алты жума өткөндөн кийин коалициялык келишимди сунушташты. Блу тууралуу 9-апрелде Der Spiegel басылмасы маалымдады.
Берлиндеги маалымат жыйынында партиялар жаңы коалициялык келишим жөнүндө жарыялашты. Ага ХДСтин лидери Фридрих Мерц - келечектеги өкмөттүк коалицияны жетектей турган адам, Бавариянын премьери жана ХССтин лидери Маркус Зёдер, ошондой эле СДПГнин теңтөрагалары Саския Эскен менен Ларс Клингбайль катышты.
Тараптар келишимге «Германия үчүн жоопкерчилик» («Verantwortung für Deutschland») деген аталыш беришти. Бул документ титулдук баракчасы менен кошо 146 беттен турат. Der Spiegel басылмасынын маалыматына караганда, башында партиялар кеңири жана ар тараптуу эмес, болгону экономикалык багыттагы коалициялык келишимге жетишүүнү максат кылышкан.
«Бизди оор жумуш күтүп турат», — деди Мерц келишимди тааныштырып жатып. Анын айтымында, бул коалиция өлкөнү алдыга жылдырат. Ал ошондой эле коалиция түзүү жараяны Германиянын жарандарына жана Евробиримдиктеги өнөктөштөргө өлкөдө иш жүргүзө ала турган жана жөндөмдүү өкмөт бар экенин ачык билдириши керектигин белгиледи.
Der Spiegelдин маалыматы боюнча, СДПГ ичинде коалициялык келишим боюнча добуш берүү 15-апрелдин эртең менен башталып, 29-апрелдин кечине чейин уланат. СДПГ мүчөлөрү келишимди колдоп бергенден кийин, канцлерди шайлоо жана өкмөттү түзүү процесси башталат.
Белгилей кетсек, ХДС/ХСС консервативдик блогу февралда өткөн мөөнөтүнөн мурдагы шайлоодо Бундестагдагы биринчи орунду ээледи. Экинчи орунду ультраоңчул «Германия үчүн альтернатива» партиясы алды, ал эми үчүнчү орунду Социал-демократиялык партия ээледи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.