Оштун экс-мэри Алмаз Мамбетов кызматынан кетти
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунда башкармалыктын теңтөрагасы алмашты.
Министрлер кабинетинин 7-апрелдеги токтомуна ылайык, Мамбетев Алмаз Ишенбекович Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы кызматынан бошотулду.
Анын ордуна 3 жылдык мөөнөткө Осмонов Замирбек Бабакулович дайындалды.
Маалымат үчүн:
Алмаз Мамбетев 2023-жылдын 14-июлунда министрлер кабинетинин башчысы А.Жапаровдун токтому менен Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын теңтөрагасы болуп 3 жылдык мөөнөткө дайындалган.
Замирбек Осмонов — 2018-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын мурдагы төрагасы, ага чейин Мамлекеттик салык кызматын жетектеген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.