Оштогу "Жылуулук камсыздоо" муниципалдык башкармалыгынын башчысы алмашты

Аттокуров Жумашбек Камчыбекович Ош шаарынын «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койду.

Ош мэриясынын маалыматына ылайык, Аттокуров Жумашбек Камчыбекович буга чейин Ош жылуулук электр борборунда катардагы жумушчудан, электро цехтин жетекчиси болуп иштеген.
 
«Жылуулук камсыздоо» муниципалдык башкармалыгын буга чейин Нусуп Жолдошбаев жетектеп келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз