Трамп ок атышууну токтотуу боюнча Орусияга мөөнөт койгонун айтты
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путинге ок атышууну токтотуу боюнча мөөнөт койгонун билдирди. Бирок, бул мөөнөттүн так датасын атаган жок, муну «дипломатиялык сезимталдык» менен түшүндүрдү, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
Сальвадордун президенти Найиб Букеле менен жолугушууда америкалык президент мындай деди: «Мен Путинге ок атышууну токтотуу боюнча дедлайн койгом» (C-Span каналы аркылуу берилген цитата).
Өзүнүн сөзүндө ал кагылышуунун башталышына себепкер катары мурдагы АКШ президенти Жо Байденди жана Украина президенти Владимир Зеленскийди атады. Ошону менен бирге, Трамп Украина менен Россиянын ортосундагы согуштук аракеттерди токтотуу боюнча «абдан жакшы сунуштарды» күтүп жатканын белгиледи.
Bloomberg жана The Economist басылмаларынын маалыматына караганда, АКШ бул маселе боюнча келишимди 20-апрелге — православ жана католик Пасхасына, же 30-апрелге — Дональд Трамптын президенттик кызматына киришкенине 100 күн толгон күнгө чейин бүтүрүүнү көздөөдө. Өткөн жумада Трамп Украинадагы согуш аракеттеринин «эч кандай мааниси жок» экенин айтып, Россияны ок атышууну токтотуу боюнча аракет кылууга чакырган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.