Түркияда катуу суук болуп, кар каптады

Түркиянын айрым аймактарында жаздын жылышынан кийин аба ырайы кескин сууктап, температура минус 15 градуска чейин төмөндөдү. Айрым жерлерде акыркы 30 жылдагы эң катуу суук катталды, деп билдирди айыл чарба жана токой чарба министри Ибрагим Юмаклы. Бул Тууралуу "CentralAsiа" басылмасы жазды.

Анын айтымында, бул 2014-жылдагы үшүк баскандан берки айыл чарбасына тийгизген эң чоң сокку болуп калды. Айрыкча мөмөлүү өсүмдүктөр – өрүк, шабдалы, алча, кара өрүк, ошондой эле жаңгак менен жүзүм катуу жабыркаган. Айрым дыйкандар бак-дарактар менен бадалдарды үшүктөн сактап калуу үчүн багында от жагышкан.
 
Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, үшүктөн Түркиянын 81 провинциясынын 36сында түшүм жабыркаган.
 
Температура 17-апрелден тарта жогорулай баштайт. Ensonhaber басылмасынын маалыматына караганда, шейшембинин кечине чейин аймакта муз тоңуу жана үшүк боюнча эскертүү күчүндө болот, бул жарандардан өзгөчө этияттыкты талап кылат. Бейшембиден тарта өлкө боюнча аба ырайы жылый баштайт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз