Гарвард университети Трамптын администрациясын сотко берди
АКШдагы белгилүү Гарвард университети өлкө президенти Дональд Трамптын администрациясын 2,2 миллиард долларлык мамлекеттик каржылоону токтоткону үчүн федералдык сотко кайрылды. Бул тууралуу Assosiated Press басылмасына таянып "Азаттык" басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, 11-апрелде Трамптын администрациясы Гарвард университетинен башкаруу системасын реформалоону, кабыл алуу эрежелерин өзгөртүүнү жана кампустагы ар түрдүүлүк боюнча көз караштарды кайра карап чыгууну талап кылган. Мындан тышкары, айрым студенттик клубдарды расмий таануудан баш тартуу сунушталган. Администрациянын пикиринде, окуу жай Израиль-Газа жаңжалындагы студенттик акцияларда антисемиттик көрүнүштөргө көз жумуп койгон.
Гарвард университети бул талаптарды четке каккандан кийин, жооп иретинде администрация университетке бөлүнгөн 9 миллиард доллардын ичинен 2,2 миллиард долларлык каржылоону токтотуп койгон. Ошондой эле окуу жайды “салыктан бошотулган” макамынан ажыратуу жана чет элдик студенттерди кабыл алуу укугун чектөө коркунучу да айтылган.
Гарвард университети бул аракеттерди мыйзамсыз деп атап, сөз эркиндигин бузат деген жүйө менен сотко кайрылды.
«Бул сот иштери өкмөттүн федералдык каржылоону токтотуу аркылуу Гарварддагы илимий жана академиялык чечимдерди көзөмөлдөө аракетин айгинелейт», — деп белгиленет университеттин арызында.
Университеттин президенти Алан Гарбер каржылоонун токтотулушу балдардагы рак, Альцгеймер жана Паркинсон сыяктуу ооруларды изилдөөгө чоң залака тийгизерин эскертти. Ал ошондой эле Гарвард мыйзамды сактап, дискриминацияга каршы бардык талаптарды аткарып жатканын кошумчалады.
Азырынча АКШ президентинин администрациясы бул маселе боюнча расмий билдирүү жасай элек.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.