Балбак Түлөбаев Адылбек Касымалиевди Акылбек Жапаровго салыштырды

Премьер-министр Адылбек Касымалиев депутаттардын суроолоруна өз убагында жооп бербей жатат, — деп билдирди 23-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев («Ынтымак»).

Анын айтымында, бул жагынан Акылбек Жапаров кыйла чечкиндүүрөөк болгон.
 
«Ага менден салам айтып коюңуздар. Депутаттын кайрылуусуна жооп берип койсо жакшы болмок. Акылбек Үсөнбекович чечкиндүү эле. Мен өзүм үчүн эмес, эл үчүн сурап жатам. Жооп берсин, кандай болсо ошондой. Ооба десе — ооба. Жок десе — жок», — деди ал.
 
Депутат Камила Талиева («Ата-Журт Кыргызстан») да кесиптешин колдоду. Анын айтымында, Кабмин жалкоо атка окшоп калган.
 
«Барбы же жокпу – белгисиз. Биз үчүн эң негизгиси – суроолорубузга өз убагында жооп берип, жарандардын маселесин чечүү. Кабмин ыкчам иштеши керек», — деп кошумчалады ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз