Ош мэриясына жаңы аппарат башчы келди

Ош шаардык мэриясынын аппарат башчысы алмашты. Бул тууралуу Ош мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Айдарбекова Масуда Апсаматбековна Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Жеңишбек Токторбаев кол койду.
 
Жаңы аппарат жетекчиси буга чейин Ош шаарынын мэриясынын документтик камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Муниципалдык кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.
 
Буга чейин Нурбек Кадыров бул орунду ээлеп турган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз