Антикино залдарында жашы жете элек кыздардын зордукталышы: Оштун милициясы маалымат берди

3 жашы жете элек кыздардын зордукталышы боюнча эки кыскартылып, бир иш сотко өткөн. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 
 
2024-жылдын 12-апрелде 2009-жылкы кыздын ата-энеси кайрылган. Ленин көчөсүндөгү Антикинодо болгон. Иш сотко өткөн. 
 
2024-жылдын 5-январь  күнү, 2008-жылкы кыздын ата-энеси кайрылган. Курманжан датка  көчөсүндө орун алган Антикинодо болгон. Ата-энеси кеч кайрылгандыктан, экспертизадан аныкталбай, өндүрүштөн кыскартылган. Кылмыштын курамы жок экендиги аныкталган. 
 
25-июлдан 26-июлга караган түнү 2010-жылы   туулган кыздын ата-энеси кайрылган. Кылмыштын куамы  жок  болуп, аныкталган эмес. Милицияга 2-3ай өткөндөн кийин кайрылган. Экспертизада аныкталган эмес. 
 
Милиция кызматкерлери  тейлеген аймагындагы  антикино залдарга барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
 
Буга чейин Ош шаардык мэриясынын коллегиялык жыйында антикинотеатрларды жабуу сунушу берилген. 
 
Вице-мэр Салтанат Аманова антикино залдарында былтыр 3 жашы жете элек кыздар зордукталганын билдирген болчу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз