"Чыңгызхан": Моңголдордун жашыруун тарыхы" тасмасы май айында элге көрсөтүлөт
Дүйнөлүк алдыңкы компаниялар — «Disney», «National Geographic» жана «Hulu» — май айында «Чыңгызхан: Моңголдордун купуя тарыхы» аттуу даректүү тасманы чыгарарын жарыялашты, деп жазат "CentralAsia" басылмасы жазды.
Тасманын алгачкы бөлүгү 1-май күнү National Geographic телеканалынан көрсөтүлөт, ал эми бардык алты бөлүк эртеси күнү Disney+ жана Hulu платформаларына жүктөлөт (Hulu — The Walt Disney Company компаниясына таандык жазылуу негизиндеги стриминг кызматы).
Сериалдын премьерасы 2025-жылдын 1-майында саат 09:08cде National Geographic каналында өтөт, ал эми толук сериалды эртеси күнү Disney+ жана Hulu платформаларынан көрүүгө болот. Disney+ платформасы аркылуу эл аралык көрсөтүү тууралуу маалыматтар азырынча жарыялана элек.
«Коркпогон жоокер жана катаал баскынчы — Чыңгызхандын эпикалык көтөрүлүшү жана Моңгол империясынын укмуштуу кеңейиши бул алты бөлүктөн турган сериалда таасирдүү чагылдырылган. Сериал “Моңголдордун жашыруун тарыхы” чыгармасынын жаңы котормосунун негизинде тартылган жана атактуу башкаруучу Чыңгызхандын жашоосу менен ондогон салгылашуулары тууралуу таң каларлык маалыматтарды ачып берет», — деп жазган Роджер Палмер What's On Disney Plus сайтында.
Бул сериалдагы айрым эпизоддор тууралуу маалыматтар:
«Темүчүн: Хан болчу бала» — 1-майда саат 09:08де National Geographic телеканалынан көрсөтүлөт
Чыңгызхандын бала чагы тууралуу баяндалат. Анын үй-бүлөсүнүн бийликтен кулоосу, атаандаш уруулардын арасында жашап калуусу жана жаш жоокер кезиндеги союздаштары көрсөтүлөт.
«Чыңгызхандын көтөрүлүшү» — 1-майда саат 10:09да National Geographic телеканалынан көрсөтүлөт.
Темүчүдин күчү Жамуха менен болгон салгылашуу аркылуу күчөйт. Ал сүргүнгө айдалат, бирок кайтып келип, моңгол урууларынын башын бириктирип, Чыңгызхан деген наам алат.
«Империянын жаралышы» — 8-майда саат 09:08де National Geographic телеканалынан көрсөтүлөт.
Чыңгызхан бийлигин бекемдеп, аскер түзөт жана атаандаштарын жок кылат. Ал тангуттар менен Цзинь мамлекетине каршы жооруктарды баштап, империясын кеңейтет.
«Токтотулгус империя» — 8-майда саат 10:09да National Geographic телеканалынан көрсөтүлөт
Империяга коркунуч жаралганда, Чыңгызхан Персия аймактарындагы үстөмдүгүн бекемдеген жортуул уюштурат. Ал өзүнүн мураскери катары Угедейди жарыялайт.
«Угедейдин башкаруусу» — 15-майда саат 09:08де National Geographic телеканалынан көрсөтүлөт
Угедей Моңгол империясынын башкаруучусу болуп жарыяланат. Ал Арменияны, Грузияны жана Цзинь империясын багынтып, Каракорум деген улуу борбор калааны курат.
«Камалган Европа» — 15-майда саат 22:00дө National Geographic телеканалынан көрсөтүлөт.
Моңгол империясы Орусия жана Европанын аймактарын басып алат. Бирок Угедейдин өлүмү дүйнөдөгү эң ири империяда так үчүн күрөштү баштайт.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.