Кыргызстан Орусиядан абадан коргонуу комплексин алды
Кыргызстан Орусиядан зениттик-ракеталык комплекстерди (ЗРК) — С-300 алды. Бул тууралуу «Известия» басылмасына өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
«Бизде бирдиктүү абадан коргонуу системасы иштейт. Азыр бизге ушул бирдиктүү системанын элементтери — С-300 комплекстери келип түштү. Алар азыр Кыргызстан аймагында», — деди ал. Кыргызстан канча комплекс алгандыгы так айтылган жок.
Коопсуздук кеңешинин катчысы белгилегендей, бул комплекстерди 8-майда Бишкекте өтө турган, Жеңиштин 80 жылдыгына арналган аскердик парадда көрсөтүшү мүмкүн.
ЗРКларды берүү маселеси 2021-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Орусиияга болгон расмий сапары маалында макулдашылган. 2023-жылдын ноябрында бирдиктүү регионалдык абадан коргонуу системасын түзүү тууралуу келишим күчүнө кирген. Бул эки тараптуу келишимдин алкагында Орусия бирдиктүү системанын аскерлеринин аракеттерин координациялайт, ал эми Кыргызстан аларды башкарууну жүргүзөт. Аскерлерди жана техниканы жайгаштыруу үчүн Кыргызстан Бишкектен 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Канттагы россиялык аскердик базага жакын жерден 5 гектар участок бөлүп берген.
С-300 зениттик-ракеталык комплекстери ири өнөр жай жана административдик объектилерди, аскердик базаларды жана башкаруу пункттарын душмандын аба-космос чабуулдарынын каражаттарынан коргоо үчүн арналган. Алар баллистикалык жана аэродинамикалык максаттарды атып түшүрүүгө жөндөмдүү.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.