ТИМ Түркияда кыргызстандык мугалим эмне үчүн кармалганын ачыктады
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери мугалим Азамат Нурматов тууралуу маалымат алгандан кийин дароо Түркиянын укук коргоо органдары менен байланышканын жана тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын, 28-апрелде парламенттин эл аралык комитетинин жыйынында ТИМ башчысынын орун басары Алмаз Имангазиев билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Азамат Нурматов 2016-2017-жылдары Түркияда төңкөрүш аракети болгон учурда жатаканада жашап, Фетхуллах Гүлендин тарапташтары колдонгон мобилдик тиркемени пайдаланган. Ошондуктан ал Түркияда издөө жарыяланган жана ошол негизде кармалган, деди Имангазиев.
Бул маселе көзөмөлдө турат, ТИМ Нурматовдун адвокаты жана жакындары менен байланышта. Жакынкы күндөрү аны жакындары менен телефон аркылуу байланыштырмакчы болуп жатышат, деп кошумчалады Имангазиев.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.