Кыргызстан Казакстанга 600 миллион куб метрден ашык суу берет

Нарын дарыясы

Кыргызстан сугат мезгилинде Казакстанга дарыялар аркылуу 600 миллион куб метрден ашык суу жеткирмекчи.

Бул тууралуу Казакстандын Суу ресурстары жана ирригация министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 400 миллион куб метр суу Талас дарыясы аркылуу, ал эми 180 миллион куб метр суу Чу дарыясы аркылуу өтөт.
 
Бул келишим Казакстандын Суу ресурстары министри Нуржан Нуржигитов менен Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилигинде өткөн мамлекеттер аралык суу чарба курулуштарын пайдалануу боюнча казак-кыргыз комиссиясынын 35-жыйынында жетишилди.
 
«Өткөн жылы кыргыз кесиптештерибиз менен биргелешкен иштин аркасында Жамбыл облусунун дыйкандарын толук көлөмдө сугат суу менен камсыздоого жетиштик. Ошентип, Талас дарыясы аркылуу Казакстанга пландаштырылган 380 миллион куб метрдин ордуна 418 миллион куб метр суу келген. Ал эми Чүй дарыясы аркылуу 165,3 миллион куб метр суу алынган, бул мурунку жылга караганда 29,7 миллион куб метрге көп», – деди Нуржан Нуржигитов.
 
Бул суу Жамбыл облусундагы айыл чарба талааларын сугарууга колдонулат. Жалпысынан, апрель айынан тарта сугат мезгилинин башталышынан бери 45 миллион куб метр суу жеткирилди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз