Ирандагы порттогу жарылуудан кеминде 70 киши каза болду
Иран бийлиги өлкөнүн түштүгүндөгү Шахид-Раджаи портунда болгон жарылууда каза болгондордун санын тактады. Акыркы маалыматтар боюнча, кеминде 70 адам каза болгон. Бул тууралуу Associated Press агенттигин Иран бийлигинин билдирүүсүнө таянып жазды, деп жазат "CentralAsia".
Ирандын ички иштер министри Искандар Момени билдиргендей, жарылуудан чыккан өрт 28-апрелдин кечинде өчүрүлгөн.
Ирандагы эң ири контейнер порту болгон Шахид-Раджаиде жарылуу ишемби күнү, 26-апрелде болгон. Жарылуунун кесепетинен жанаша жайгашкан эки имарат кыйрап, башка жүктөрдү камтыган контейнерлер да жабыркаган. Окуядан миңден ашуун адам жаракат алган.
Массалык маалымат каражаттары жарылуу натрий перхлоратынын туура эмес сакталганынан улам болушу мүмкүн экенин жазышкан. Бул зат катуу ракеталык отунду даярдоодо колдонулат. Бирок Иран бийлиги бул маалыматты четке какты. Кийинчерээк Ирандын Ички иштер министрлиги жарылуунун себеби коопсуздук чараларынын бузулушу жана шалаакылык болгонун билдирди. Бүгүнкү күндө порт кадимки режимде иштеп жатат деп Mehr агенттиги кабарлады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.