Тынчтыкбек Досмуратов Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды
Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы болуп 39 жаштагы Тынчтыкбек Досмуратов дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Turmush басылмасына өзү тастыктады.
Ал буга чейин Ош билим берүү институтунун Табигый-математикалык сабактарды окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы болуп иштеген.
2014-жылдан 2020-жылга чейин Ош шаардык билим берүү башкармалыгында эмгектенген.
Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын атасы.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.