Жылдыз Садырбаева Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланды
30-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева төраганын орун басары болуп шайланды.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча: «макул» — 76, «каршы» — 2.
Садырбаева парламенттин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат болуп саналат.
Буга чейин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан депутат Жамиля Исаева вице-спикерлик кызматын тапшырып, бирок Жогорку Кеңештин депутаты бойдон калгандыгы кабарланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.