Электр энергиясынын өчүшүнөн улам Испанияда кеминде 5 адама каза болду

Испанияда 28-апрелде болгон ири электр энергиясы өчүрүлүшүнүн кесепетинен, кеминде беш адам каза болду, деп жазат El Pais басылмасы.

Оренсе шаарында Жарандык гвардия эртең менен 29-апрелде күйөөсү, аялы жана алардын уулунун сөөгүн тапты. Криминалисттер алардын өлүмүнө генератордун бузулушунан чыккан көмүр кычкыл газына уулануу себеп болгон болушу мүмкүн деп болжолдошууда. El Pais басылмасы билдиргендей, блэкаут учурунда куткаруучулар угар газына ууланган тогуз адамды аман сактап калышкан.
 
Валенсия шаарында жарык өчкөндөн кийин кислород аппаратына туташкан 46 жаштагы аял каза болду. Полиция кызматкерлери тез жардам келгенге чейин ага жүрөк-өпкө реанимациясын кылууга аракет кылышкан. Бирок дарыгерлер анын өлүмүн тастыкташты.
 
Дагы бир аял Карабанчель шаарында каза болду — анын үйүндө жарык өчкөн соң шамдан өрт чыгып, үй күйүп кеткен. Полиция өрттүн себеби шам болгон болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат.
 
28-апрелде күндүз электр жарыгы Испаниянын көпчүлүк бөлүгүндө, ошондой эле Португалия, Андорра жана Франциянын айрым аймактарында өчкөн. Блэкауттун так себеби азырынча белгисиз. Испанияда 29-апрелге карата 99,16% үйлөргө электр жарыгы кайра берилген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз