Хуситтер Израилдин борборундагы аэропортко ракета атты
Йемендик хуситтер Израилге аткан баллистикалык ракета Тель-Авивдеги «Бен-Гурион» аэропортуна жакын жерде жарылды. Бул тууралуу Би-Би-Си маалымдады, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ракета аэропорттун тосмосуна жакын жерге түшкөн. Жарылуунун натыйжасында аэропорттун үчүнчү терминалына алып баруучу жол жабыркаган.
Израилдик маалымат каражаттары билдиргендей, жарылуудан төрт адам жаракат алып, дагы эки адам бомбо баш калкалоочу жайга бара жатканда жабыркаган.
Израил армиясы окуянын чоо-жайын иликтеп, ракета эмне үчүн абадан коргонуу системалары тарабынан тосулбай калганын аныктап жатат.
Хуситтердин өкүлү Яхья Сари телекөрсөтүү аркылуу жасаган кайрылуусунда: «Израилдеги аэропорт эми авиакаттамдар үчүн коопсуз болбой калды», — деп билдирди.
Жекшемби күнкү хуситтер тарабынан Израилге карата болгон ракета атуу соңку эки күндөгү бешинчи учур болуп калды.
АКШ хуситтерге каршы Йемендеги операцияларын улантууда, негизинен абадан сокку уруулар аркылуу. Жекшемби күнү эртең менен союздаш авиациянын он чабуулу болгонун араб маалымат каражаттары кабарлашты.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.