Трамп үчүнчү мөөнөттөгү президенттик шайлоого талапкерлигин коюу тууралуу оюн билдирди
АКШнын президенти Дональд Трамп үчүнчү мөөнөткө президенттикке ат салышат деген маалыматты төгүндөдү, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
«Мен сегиз жылдык, эки мөөнөттүү президент болом. Бул дайыма мен үчүн абдан маанилүү болгон», — деди Трамп NBC телеканалынын журналисти Кристен Уэлкерге берген маегинде. Бул маек жекшемби күнү эфирге чыкты.
78 жаштагы Трамп мурда «үчүнчү, ал тургай төртүнчү мөөнөткө» калууну каалаарын айтып, «тамашалап жаткан жокмун» деген билдирүүлөрдү жасаган.
Бирок кийинчерээк ал бул билдирүүлөрдү «жалган маалымат тараткан ЖМКларды» шылдыңдоо үчүн айтканын билдирген.
Жума күнү Флоридадагы резиденциясында жазылган интервьюда Трамп экинчи мөөнөтү бүткөн соң дагы кызматта калышын сураган көптөгөн «өтүнүчтөр» болгонун айтты.
«Мындай кылышымды каалаган адамдар абдан көп. Бирок бул мен каалаган нерсе эмес», — деди Трамп.
АКШдагы кийинки шайлоодо Республикалык партиядан ким талапкер боло алат деген суроого Трамп: «10–15 адам бар», — деп жооп берип, алардын арасында вице-президент Жей Ди Вэнс менен Мамлекеттик катчы Марко Рубиону өзүнүн мүмкүн болгон мураскери катары атады.
«Жей Ди мыкты иштеп жатат. Ал эң сонун. Марко да мыкты иш алып барууда», — деди ал.
АКШ Конституциясына ылайык, эгер Трамп экинчи мөөнөтүн өтөп бүткөн болсо, үчүнчү мөөнөткө катышууга укугу жок.
Конституциянын 22-түзөтүүсүнө ылайык: «Эч ким эки мөөнөттөн ашык президент болуп шайлана албайт».
Конституцияны өзгөртүү үчүн Сенат менен Өкүлдөр палатасынын үчтөн эки бөлүгүнүн, андан тышкары өлкөдөгү штаттардын төрттөн үчүнүн макулдугу талап кылынат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.