Кадыров оставкага кетүү боюнча комментарий бергенден кийин Путин менен жолукту

Россиянын президенти Владимир Путин Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров менен Кремлде жолукту. Бул жолугушуу Кадыров отставкага кетүү өтүнүчүн айткан билдирүүсүнөн кийин болду. Бирок Кремль жарыялаган текстке ылайык, жолугушууда отставка маселеси көтөрүлгөн эмес, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.

«Сиз протоколдук иш-чараларга, биздин чет өлкөлүк меймандар менен болгон жолугушууларга катышып жатканыңызды эске алып, сизди чакырдым. Биз мурда эле жолугушуп, республиканын учурдагы абалы тууралуу сүйлөшөлү деп макулдашканбыз. Иштер кандай, Рамзан Ахматович?» – деп сурады Путин.
 
Чечен Республикасынын башчысы президентке аймактын экономикалык ийгиликтери жана жумушсуздуктун азайышы тууралуу маалымат берди. Путин менен Кадыров Украинанын аймагындагы согуш аракеттерин да талкуулашты: анын башталышынан бери согуш аймагына 55,5 миң жоокер, анын ичинде 21,6 миң ыктыярчы жиберилгени айтылды.
 
«Сиз, албетте, республика башчысы катары акыркы жылдарда жасалган иштердин жыйынтыктарына ыраазы болуп, сыймыктана аласыз. Бул – талашсыз нерсе», – деди Путин Кадыровго кайрылып.
 
6-майда Кадыров журналисттерге өз эрки менен отставкага кетүү өтүнүчүн билдиргенин жана бул кадамга колдоо болот деген үмүтүн айткан. Бирок, анын айтымында, мындай чечимди Россиянын президенти гана кабыл ала алат. 7-майда, жолугушуунун алдында, ал «Коммерсанттын» атайын кабарчысы Андрей Колесниковго мамлекет башчысы менен сүйлөшүүдө отставка маселесин көтөрөрүн дагы бир жолу ырастаган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз