Москвада 13-майга чейин аба ырайынын кооптуу деңгээли жарыяланды

Москвада жана Москва облусунда 13-май таңына чейин аба ырайынын "кызгылт сары" кооптуу деңгээли жарыяланды. Бул тууралуу Россиянын Гидрометборбору маалымдады, деп жазат "CentralAsia".

Подмосковьеде бул режим Москва убактысы боюнча таңкы саат 7:00гө чейин, ал эми баш калаада саат 10:00гө чейин күчүндө болот. Аймакта түнкүсүн жана эртең мененки убакта –1°Сге чейин үшүк жүрүшү күтүлүүдө.
 
"Фобос" аба ырайы борборунун маалыматына ылайык, 13- жана 14-май түндөрү Подмосковьенун айрым райондорунда үшүк болот деп күтүлүүдө. Өткөн түнү температура Серпуховдо –1,7°Сге, ал эми Серебряные Прудах шаарчасында –1,5°Сге чейин түшкөн. Бүгүн эртең менен Москва шаарынын транспорт департаменти айдоочуларга кышкы дөңгөлөк менен гана жолго чыгуу сунушун берди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз