Google корпорациясы 10 жыл ичинде биринчи жолу логотибин жаңылады
Google корпорациясы логотибин жаңылады. Биринчи тамганын түстөрү эми мурункудай так бөлүнбөйт, градиент түрүндө бири-бирине өтүп турат. Бул тууралуу биринчи болуп 9to5google порталы билдирген.
Кызыл түс сарыга өтөт, сары жашылга, ал эми жашыл көккө өтөт — бул логотипти Google тарабынан иштелип чыккан Gemini нейротармагынын символикасына окшош кылып көрсөтөт.
Жаңы логотип буга чейин эле iOS'тогу Google Search тиркемесинин иконкасы катары жана Android'деги бета-версия тиркемесинде колдонулууда. Мындан тышкары, The Verge жазгандай, бул жаңы дизайн Pixel смартфондорунун колдонуучуларына да көрүнүүдө.
Эски версиядагы G тамгасы азырынча Android'дин башка түзмөктөрүндө жана издөө системасынын веб-версиясында көрсөтүлүп жатат.
Google логотиби акыркы жолу 2015-жылдын сентябрында өзгөргөн — анда Catull шрифти Product Sans менен алмаштырылган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.