Орусияда мигрант балдардын 81% орус тилинен тестирлөөгө киргизилген жок
Орус бийлиги мигрант балдар үчүн орус тилинен тест тапшырууга берилген арыздардын көбүн кабыл алуудан баш тартты. Бул тууралуу Роспотребнадзор 13-майда билдирди, деп жазат "CentralAsia" басылмасы жазды.
Апрель айынан тартып жалпысынан 1762 арыз түшкөн. Бийлик өкүлдөрү арыздардын 81 пайызынын кабыл алуудан баш тарткан. Арыздарды кабыл албоонун негизги себептери — документтердин толук эмес болушу, мектептерде бош орундардын жоктугу же документтерде жалган маалыматтардын болушу.
Жалпысынан 335 бала тестке катышууга уруксат алды. Азырынча тестке 44 бала катышты, алардын ичинен 27си тапшырмаларды ийгиликтүү аткарып, калгандары тапшырган жок. Тесттер Россиянын 10 аймагында өткөрүлдү.
Рособрнадзордун билдиришинче, алгачкы жыйынтыктар чет өлкөлүк жарандардын балдарын Орусиядагы мектептерге кабыл алуунун негиздүүлүгүн жөнгө салууга жаңы тартип мүмкүндүк берерин көрсөттү.
Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин 14-майда Роспотребнадзордун маалыматтарын комментарийлеп, депутаттар мигрант балдар үчүн орус тилинен тест киргизген мыйзамга өзгөртүүлөрдү иштеп чыгып, колдоп туура кылышканын айтты.
1-апрелден баштап Орусиядагы мектептерде мигрант балдар орус тилин билүү деңгээлин текшерген тест тапшыра башташты. Экзамен толугу менен видеого жазылат, баланын оозеки жооптору аудио түрүндө катталат. Мыйзам кабыл алынганга чейин Володин мигрант балдардын 41 пайызы орус тилин билбесин же начар билерин, бул жалпы билим берүү сапатына терс таасирин тийгизерин айткан. Мектепке кабыл алуу үчүн мигрант балдар тесттен 90% жыйынтык алышы керек.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.