Депутат Алымбек датканын чөбөрөсү кыргыз жарандыгын ала албай жатканын айтты

Алымбек Датканын чөбөрөсү Кыргызстандын жарандыгын ала албай жатат, — деп билдирди Жогорку Кеңештин 14-майдагы жыйынында депутат Аккулу Бердиев («Бүтүн Кыргызстан»).
 
Анын айтымында, Алымбек датканын жана Курманжан датканын уулу Абдылдабек тагдырдын айынан Афганистанда калып, ошол жакта каза болгон. Бирок анын акыркы кыялы — жүрөгүн Алай тоолоруна алып келүү болчу, бул тилеги аткарылган. Абдылдабектин чөбөрөсү Түркияда аскердик окуу жайда окуган, азыр болсо Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала албай келет. Адыгине уруусунун туугандары бул абалга тынчсызданып, ага кыргыз паспортун алуу үчүн жардам берүү өтүнүчүн билдиришкенин депутат маалымдады.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз