Орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрү 15-майда өтпөй калды

2025-жылдын 15-майында Стамбулда өтүшү керек болгон Россия менен Украинанын сүйлөшүүлөрү болгон жок. Россия президентинин жардамчысы Владимир Мединский билдиргендей, 16-май, жума күнү орусиялык делегация украин тарапты эртең мененки саат 10:00дө күтөт, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.

«Биз иштөөгө даярбыз», — деди Мединский.
 
ТАСС агенттиги өз булактарына таянып, 15-майдагы сүйлөшүүлөр «логистикалык себептерден улам» болгон жок деп билдирди.
 
Россия тараптан сүйлөшүү тобун президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт, ал эми Украина тараптан — коргоо министри Рустем Умеров. АКШ президенти Дональд Трампты Түркияга күтүшкөн эмес, ошондой эле Россия президенти Владимир Путин да келбейт. Анкарага келген Украина президенти Владимир Зеленский Россия делегациясынын курамын «кооздук үчүн» деп атады.
 
Зеленскийдин айтымында, украин тарап Стамбулда ок атышууну токтотуу маселесин талкуулагысы келет. Ал эми Владимир Мединский белгилегендей, орусиялык сүйлөшүүчүлөр «мүмкүн болгон компромистерди» талкуулоого даяр.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз