Парагвайда ФИФАнын 75-Конгресси өттү

Парагвайдын борбору Асунсьо шаарында 75-ФИФА Конгресси өтүп, ага 211 улуттук ассоциациянын өкүлдөрү катышты. Бул иш-чарага Кыргызстандын атынан Кыргыз футбол биримдигинин Вице-Президенти Дастанбек Конокбаев, Кыргыз Республикасынын кыз-келиндер футбол ассоциациясынын Президенти Салтанат Эгембердиева жана «Абдыш-Ата» футбол клубунун өкүлү Эркин Сакебаев катышты.

Кыргыз футбол биримдигинен билдиргендей, ФИФАнын Президенти Джанни Инфантино 2025-жылы өтө турган ФИФАнын Клубдук Дүйнө чемпионатынын стратегиялык маанисин белгилеп, бул турнир дүйнө жүзүндөгү клубдардын «даярдыгын жана күчүн арттырууга» өбөлгө болорун айтты.
 
Мелдеш 2025-жылдын 14-июнунда Майами шаарында башталып, ага 32 клуб катышат. Жалпы байге фонду 1 миллиард долларды түзүп, кошумча 250 миллион доллар клубдук футболду өнүктүрүүгө катышпаган клубдарга бөлүштүрүлөт.
 
«Бардык каражаттар футболду өнүктүрүүгө жумшалат: байге акчалары — катышкан клубдарга, солидардык фонд — дүйнө жүзүндөгү клубдук футболго», — деди Инфантино. Ал ошондой эле, бул мелдеште дүйнө чемпионаттарынын тарыхында катышкан өлкөлөрдүн саны боюнча рекорддук көрсөткүчкө жеткендигин кошумчалады. 
 
ФИФА Президенти Клубдук чемпионат уюмдун 2023–2026-жылдардагы каржылык циклинин негизги элементи болорун белгилеп, бул аралыкта ФИФА 13 миллиард доллар киреше тартууну көздөп жатканын билдирди.
 
Конгрессте расизмге каршы күрөшкө өзүнчө көңүл бурулду. Инфантино жаңы Дисциплинардык кодекстин кабыл алынганын жана ФИФАнын Легендаларынын катышуусунда оюнчулардын добуш берүү платформасы түзүлгөнүн маалымдады. Ошондой эле, «Мектептер үчүн футбол» программасына антидискриминация темасын киргизүү иштери жүрүп жатканын айтты.
 
«Расизм — бул футболдун эле эмес, бүт коомдун көйгөйү. Бул кылмыш, жана биз ага каршы чогуу күрөшүшүбүз керек. Ошондуктан биз өкмөттөр жана БУУ менен мыйзамдык деңгээлде бул маселени бекемдөө боюнча кызматташып жатабыз», — деп баса белгиледи Инфантино.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз