"Украина өзүнүн аймагынан аскерлерин чыгарбайт": Зеленский Путиндин билдирүүсү боюнча жооп берди

Украина өзүнүн аймагынан аскерлерин чыгарбайт. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленский 19-май күнү кечинде өткөн брифингде билдирди, деп жазат РБК-Украина.

Зеленский Орусия президенти Владимир Путиндин АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жасаган билдирүүсүнө комментарий берди. Путин Трампка Россия Украинага «келечектеги тынчтык келишими жөнүндө меморандум» иштеп чыгууну сунуш кыларын айткан. Бул меморандумда кагылышууну жөнгө салуунун принциптери жана мөөнөттөрү, анын ичинде тийиштүү макулдашууларга жетишилсе, убактылуу ок атышууну токтотуу мүмкүнчүлүгү да камтылары айтылган.
 
«Ал меморандумда кандай принциптер камтылганын мен билбейм. Келгиле, ачык бололу. Эгерде Орусия бизди өз жерибизден аскерлерди чыгарууга мажбурлоону шарт кылса, демек алар ок атышууну токтотууну жана согуштун аякташын каалашпайт. Анткени алар жакшы түшүнүшөт – Украина муну кылбайт», — деди Зеленский.
 
Ал Россия тараптан сунуш түшкөндөн кийин Украина меморандум боюнча өз көз карашын иштеп чыга аларын белгиледи. Бирок: «Эч ким өз жерин, өз аймагын, элин, үйлөрүн тапшыра албайт», – деп баса белгиледи.
 
«Бул жерде маселе президент Трампта эмес. Бардык урмат-сый менен айта турган болсок, бул – биздин жер, биздин мамлекет, биздин армия жана биздин көз карандысыздык. Суроо – Украина эмне кылууга даяр, эмне кылууга даяр эмес дегенде турат. Биздин аймактардан аскерлерди чыгарып кетпейбиз. Бул – менин Конституциялык милдетим, бул – аскерлерибиздин милдети – суверенитетти жана аймактык бүтүндүктү коргоо», — деди ал.
 
Зеленский өзүнүн Telegram-каналында билдиргендей, ал Трамп менен эки жолу сүйлөшкөн — Путин менен Трамп сүйлөшкөнгө чейин жана андан кийин. Экинчи сүйлөшүүгө Франция, Италия, Германия, Финляндия жана ЕБ лидерлери да катышкан.
 
«Эки тараптуу сүйлөшүүнүн башында мен Трампка Украинанын ок атууну толук жана шартсыз токтотууга даяр экенин ырастадым. Бул тууралуу, айрыкча, АКШ да айтып келген. Бул сунушту бүдөмүктөтүүгө болбойт. Эгерде россиялыктар адам өлтүрүүнү токтотууга даяр эмес болсо, анда аларга карата күчтүүрөөк санкциялар болушу керек. Россияга басым көрсөтүү – аны реалдуу тынчтыкка түртөт – бул баарына айдан ачык. Ошондой эле мен дагы бир жолу Украина Россия менен түз сүйлөшүүгө даяр экенин ырастадым – жыйынтык бере турган каалаган форматта. Түркия, Ватикан, Швейцария – биз бардык мүмкүн болгон аянтчаларды карап жатабыз. Украинаны бул үчүн ынандыруунун кереги жок, биздин өкүлдөр сүйлөшүүлөрдө чыныгы чечимдерди кабыл алууга даяр. Россия да мындай жыйынтык бере турган сүйлөшүүлөргө даяр болушу керек», – деди ал биринчи сүйлөшүү тууралуу.
 
«Биздин баарыбыз үчүн АКШ сүйлөшүүлөрдөн жана тынчтыкка жетишүүдөн четтеп кетпеши өтө маанилүү. Анткени бул процесске чындап кызыккан жалгыз адам – Путин», – деди Зеленский экинчи телефон сүйлөшүүсү тууралуу.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз