Кара-Суудагы Чаар-Айгыр көлүнө 60 000 балык кое берилди
Иллюстрациялык сүрөт
Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл аймагындагы Чаар-Айгыр көлүнө 4 түрдүү 60 миң даана балык кое берилди. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгынын өзгөчө корголучу жаратылыш аймактары жана биотүрдүүлүк бөлүмүнүн Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустам Абдыкеримовго шилтеме берип жазды.
Анын айтымында, алар Ош мергенчилер жамааты менен биргеликте Чаар-Айгыр көлүнө барып, 4 түрдүү балыктарды кое берип келген.
«Папан айыл аймагындагы тоонун чокусундагы Чаар-Айгыр деген көлүнө барып, 4 мүшөк – 60 кг болгон балыктарды кое бердик. Анда карп, сазан, толстолоп, беломур балыктары кое берилди. Алардын жалпы саны 60 миң даананы түздү. Андан сырткары, Папан суу сактагычына 200 кг балыктарды салдык»,- деди ал.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.