Өзбек акыны Низамиддин Эшмурадов: "Апам күтүп турат"

Низомиддин Эшмуродов, өзбек акыны

Низамиддин Эшмурадов - 2001-жыл 21- февралда Өзбекстан Республикасынын Самарканд облусунун Нурабад районунда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Азыркы учурда ал Өзбекстан Мемлекеттик искусство жана маданият институтунда 5-курстун студенти. Бир топ конкурстардын жеңүүчүсү. Акындын 2021-жылда "Үмүт мезгили", 2023-жылда "Тилектерим сиздерге тартуу" аттуу ыр жыйнактары жарык көргөн. Бир топ ырларына обон жазыып, ырчылар тарабынан ырдалып келет. Төмөндө акындын эки ырын сунуштайбыз.
 
Апам күтүп турат
 
Көөнүмдү сураба, менде көңүл жок,
Сагынсам жүрөгүм азаптар жутат. 
Жолумда ынтызар, көзү төрт болуп, 
Мени алыс жакта апакем күтөт. 
 
Келсе бир дасторкон жайайын деген, 
Жолунда жанымды берейин деген. 
Баламды боорума катайын деген, 
Мени алыс жакта апакем күтөт. 
 
Ооматым жылмайып турбаса  дагы, 
Достор колдорун сунбаса дагы. 
Эч бир жан сагынып күтпөсө дагы, 
Мени алыс жакта апакем күтөт. 
 
Перзент болбодум мен ишке жараган, 
Бир ыр жазганым жок көзүң караган. 
Жол бергин барайын эй, сен Жараткан, 
Мени алыс жакта апакем күтөт.
 
Апакем бар экен, менин көөнүм ток,
Душмандар артыман ата албайт ок.
Жалаң мени ойлоп бир да тынчы жок, 
Мени алыс жакта апакем күтөт.
 
Жүрөгүм апама ачпасам болбойт,
Ташкенттен белектер албасам болбойт. 
Бүгүн мен жанына барбасам болбойт, 
Мени алыс жакта апакем күтөт. 
 
Көктөм
 
Көктөм, сени сагынган элек, 
Жолдоруңду  ынтызар карап. 
Ооруу жанды кылып бир тетик,
Жалбырак- гүл жыттары тарап.
 
Байчечекей бой созот кырда,
Нурун чачып жоогазын кызыл. 
Койун багат койчу адырда, 
Ойгонушат тирик жан бүткүл.
 
Шүгүрчүлүк айтат картаңдар, 
Чыктык мына дагы көктөмгө. 
Ашык жигит кайра, кат жазат,
Жолдон айдай толуп өткөнгө.
 
Көктөм, сенин айдай жамалың, 
Эргүү берет сен билсең мага. 
Кыялымда туулган сезим –
Кубанчымды арнаймын ырда. 
 
Көктө болсо, обонун салып, 
Канат кагат турналар өктөм.
Дагы сенин бооруңа кайтып, 
Сүрөтүңдү тартамын, көктөм!..
 
Кусаңда оорулуу жанымда азап, 
Жүрөсүңбү, жаным, тынч-аман?
Жолдорубуз айры экен го,
Жолугуу да эми бир арман.
 
Жарытпайт эч жүрөгүмдү нур,
Күн жылмайып карабайт неге?
Күн нүрүндай тунук сүйүүмдү, 
Мен колумда апкелдим сага. 
 
А сен болсо сактай албадың,
Көгүчкөндөй учурдуң көккө. 
Тармал-тармал чачтарың сылап, 
Мен сен үчүн тутамын желке. 
 
Сүйөмүн деп ыйладың, бирок, 
Айталбадың бир да энеңе. 
Махабаттан жараланган дил-
Куса оту сыйбайт денеңе. 
 
Бүгүн жоксуң жанымда, бирок,
Кыялдарыма чөгөмүн-толом. 
Сен каякта бактылуу болсоң,
Мен дагы мында бактылуу болом.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз