Эл арасындагы акын аялдын баяны

Канымбү Мааданова 1951-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Эркин-Тоо айылында төрөлгөн. Мектепте окуп жүргөн окуучулук жылдарында эле чыгармачылыкка кызыгып, жазган ырлары жергиликтүү газеталарга басылып турган. 1968-1971-жылдары Жалал-Абад шаарындагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн. Кесиби мугалим, Кызыл-Дыйкан айылындагы Жоробек Абдурасулов атындагы орто мектепте мугалим болуп иштеген. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн бир катар Ардак грамоталар менен сыйланган. "Өзгөн чыгармачылыгы", "Жети дубан өнөрпоздору Альманах-3" китебине ырлары басылып чыккан. Буга чейин анын "Жүрөк сыясы" деген аталыштагы 2 автордук китеби жарык көрдү. Бир кыз, төрт уулдун сүйүктүү энеси. 22 небереси, 4 чөбөрөсү бар.

Акындын буга чейинки "Жүрөк сыясы" аталыштагы ыр жыйнактарында турмуштук тажрыйбадан мисалдар келтирип, баштан кечиргенин ыр түрмөктөрү аркылуу окурмандарга жеткире алган.
 
Анын поэзиясынын өзгөчөлүгү турмуш чындыгы, эч кандай жасалмалуук жок. Көөдөнүндө сөз баккан калемгердин, көркөм сөздү кастарлап, ага жоопкерчиликтүү  мамиле кылгандыгын көрүүгө болот. Ал, кесиби мугалим, көп окуган, көптү билүүгө умтулган, мыкты ыр саптарын жарата алган калемгерлердин бири. Ал, акындык тагдыр күткөн, табийгат тартуулаган өзгөчө таланттын ээси. Кыргыз элинин оозеки чыгармаларын окуп сабак алды, тажрыйба арттырды. Эл ырчыларынын оозеки чыгармалары менен жазма поэзияны жуурулуштуруп, Кыргыз поэзиясын толуктай турган мыкты ырлардын үлгүлөрүн ала келди.
 
Удулу келген экен, ыр куржуну толуп, "Дил кайрыктары" аталыштагы үчүнчү китебин  окурман сынына коюп отурат. Бир сөз менен айтканда, ал чыгармачылыктын даңгыр жолунда жарышка түшкөн поэзиянын дыйканы, келечекке кең караган, асыл ойлор менен жашаган акын.
 
Кыргыз поэзиясын саймедиреп жазган лирикалык ырларынын түрлөрү менен байыта алды. Мезгилдин күрөө тамырын боолгоп билип туйган, ага ылайык тарбиялуу ырларды жазып, окурман журтун таасирлентип келүүдө. Канымбү Мааданованын жетимишке жеткенде бышып жетилген ыр кайрыктарынын өмүрү узун болсун. Толкутуп, толкунданткан анын поэзиясынын сапары карыбасын демекчибиз.
 
А.МАТИЕВА.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз