Москвадагы аэропорттордо учактардын учуусуна убактылуу тыюу салынды
Внуково, Домодедово жана Жуковский аэропортторунда учактарды кабыл алуу жана учуруу убактылуу чектөөлөрү киргизилди, деп билдирет Росавиациянын басма сөз кызматы.
Учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бул аба майдандары убактылуу рейстерди кабыл албай, жөнөтпөй жатышат.
Москва шаарынын мэри Сергей Собянин Коргоо министрлигинин абадан коргонуу күчтөрү борбор калаага багытталган бир нече учкучсуз учуучу аппараттарды атып түшүргөнүн маалымдады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.