D витамини картаюуну жайлатабы? Жаңы изилдөө

Жаңы изилдөө көрсөткөндөй, D витамини хромосомаларды коргоп турган теломерлерди сактоого жардам берет — бул түзүмдөр жаш өткөн сайын кыскарат жана ар түрдүү оорулар менен байланыштуу. Бул тууралуу АКШдагы алдыңкы биомедициналык изилдөө уюму жана Гарвард медициналык мектебинин негизги окуу бөлүмү болгон Mass General Brigham маалымдады, деп жазат "GoodFood" басылмасы.

Изилдөөгө 50-55 жаштан жогору 1054 адам катышкан. Алар 5 жыл бою байкоодо болушкан: бир бөлүгүнө күн сайын 2000 МЕ өлчөмүндө D3 витамини берилсе, экинчилерге күнүнө 1 грамм омега-3, ал эми үчүнчү топко плацебо берилген.
 
Натыйжада, D витамини 4 жыл ичинде теломерлердин кыскарышын кыйла жайлатканы аныкталган. Бул көрсөткүч плацебо тобуна салыштырмалуу биологиялык картаюу 3 жылга жайлаганын билдирет. Ал эми омега-3 мындай таасир бербеген.
 
Бул — D витамининин теломерлерге коргоочу таасирин далилдеген алгачкы ири жана узак мөөнөттүү изилдөө болуп саналат. Окумуштуулар D витаминин кошумча түрүндө кабыл алуу биологиялык картаюуга каршы келечектүү ыкма болушу мүмкүн деп эсептешет, бирок бул багытта кошумча изилдөөлөр дагы талап кылынат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз