Ошто үч күн бою Жолон Мамытовдун 85 жылдыгы белгиленет

2025-жылдын 28-29-30-май күндөрү Ош шаарында түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын Жолон Мамытов атындагы “Жашыл аалам” фестивалы өтөт.
 
ТҮРКСОЙ Эл аралык уюму, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаардык мэриясы, Ош мамлекеттик университети, С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры, “Нурборбор” чыгармачыл академиясы, “Жигер” чыгармачыл жаштар Борбору.
 
Фестивалга Азербайжан, Венгрия, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Түркмөнстан, Өзбекстандын жаш акындары катышат.
 
Түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын “Жашыл аалам” фестивалы акындын 85 жылдыгына карата түрк дүйнөсүнүн элдеринин ортосундагы маданий жана адабий байланыштарды бекемдөө, жаш акындарды колдоо алардын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүү, түрк дүйнөсүнүн поэтикалык мурасын жайылтуу, чыгармачылык диалог курушуна шарт түзүү максатында уюштурулууда.
 
Фестивалдын 1-күнү “Жолон Мамытов” аллеясында Жолон Мамытовдун эстелигин ачуу аземи жана гүл коюу иш-чарасы менен башталат. Андан соң ОшМУнун башкы имаратында расмий ачылышы өтүп, илимий публицистикалык докладдар окулат. Акындын бейнесин чагылдырган сүрөт көргөзмөлөрү көрсөтүлөт.
 
Кеченин алкагында коноктор ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика интитуту, «Ак-Буура» кампусу менен таанышып, ОшМУнун «Congress Resort OshSU» комплексинде өтүүчү поэзия кечесине катышат. 29-май иш-чаранын 2-күнүндө Т.Садыков атындагы Ош облустук көркөм сүрөт музейи, “Алымбек датка” этнографиялык борбору, “Сулайман-Тоо” улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси, Сулайман-Тоодогу Үңкүр музейине саякат уюштурулат.
 
Фестивалдын жабылуу аземи С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өтөт. Маданий программа тартууланып, сыйлоо аземи менен жыйынтыкталат.
 
30-май күнү коноктор үчүн «Кара-Кой»  эс алуу комплексине саякат уюштурулат.
 
Жолон Мамытов1940-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Алгачкы ыры 1954-жылы облустук “Ленин жолу” гезитине жарыяланып, кийинки чыгармалары республикалык гезит-журналдарда, альманахтарда басылган. Акын 48 жашында дүйнөдөн кайткан.
 
Жолон Мамытовдун “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол, кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз