Оштун казысы кармалгандан кийин муфтий имамдарды жыйынга чогултту
Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров 26-май күнү Ош шаарындагы имамдар менен жыйын өткөрдү.
Өзүнүн сөзүндө Закиров имамдын иши — бул ишенимдүү тапшырма экенин белгилеп, ага толук жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.
«Исламга кызмат кылуу — бул ак кагаз сыяктуу: эгер ага кичинекей так түшсө, адамдар кагаздын актыгына эмес, дал ошол кичинекей такка көңүл бурушат. Ошондуктан, биринчи кезекте Биз Жараткан Алланын мыйзамдарын так аткарып, шариатка толук баш ийишибиз керек. Ошол эле маалда өз ишибизди мамлекеттик мыйзамдарга жана Муфтияттын уставына ылайык жүргүзүшүбүз зарыл. Анткени биз мыйзам үстөмдүк кылган мамлекеттин жарандарыбыз. Эгерде, мисалы, биздин каржылык ишмердүүлүгүбүз белгиленген тартиптерге туура келбесе, ниетибиз канчалык таза болбосун, ал укуктук жактан туура эмес болуп калуусу мүмкүн», — деди муфтий.
Ошондой эле Закиров ханафийлик жана матуридилик багытындагы салттуу исламдын артыкчылыктарына токтолуп, расмий дин кызматкерлери диний агымдарга каршы ишмердүүлүктү терең билим жана акылмандык менен жүргүзүшү керектигин белгиледи.
Жыйынга муфтийдин орун басары Самаган Мырзаибраимов, Ош жана Жалал-Абад облустарынын казылары, Улуттук диний жана этностор аралык мамилелер агенттигинин өкүлү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.
22-май күнү Ош шаарынын казысы Мирланбек Токтомушевдин кармалганы белгилүү болгон. УКМКнын версиясы боюнча, ал алдамчылыкка шектелүүдө. Ош шаардык соту аны үй камагына алуу түрүндө бөгөт чарасын тандаган. 26-майда ал кызматынан бошотулганы маалым болду.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.