Билим берүү министринин кызы апасына арыз жазды

Билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаевага анын кызы арыз жазганы тууралуу министр интервьюсунда айтып берди. Бул тууралуу "Билим АКИпресс" басылмасы жазды.

«Кичүү неберем 5 жашта, “Түндүк” системасы аркылуу өзү каалаган мектепке кире албай калды. Мен ага: “Баары сыяктуу эле кайсы мектепте орун болсо, ошол жакка барат” деп айттым. Кызым ата-эне катары мага арыз жазды. Неберенин атасы аскер кызматкери, жумушуна жакын жерден мектеп тапкан. Баласын өзү жеткирип, алып кетүүнү каалаган экен», – деди министр.
 
Министр бул көрүнүштү кадимки эле көрүнүш катары баалады.
 
2025–2026-окуу жылында 12 жылдык билим берүүгө өтүү алкагында 1 жана 2-класстарга кабыл алуу «Түндүк» тиркемесиндеги «Электрондук каттоо» автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу жүргүзүлөт. Анын негизинде бала ата-энесинин каттоосу боюнча тиешелүү мектепке бара алат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз