"Жолон Мамытов - рухтун символу": Ошто Жолон Мамытовдун эстелиги ачылды

Бүгүн, 28-май күнү Ош шаарындагы улуу акын Жолон Мамытовдун эстелиги ачылды.

Иш-чарага ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Жолон Мамытовдун жубайы, эл жазуучусу  Меңди Мамазаирова, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баевтов түрк мамлекеттеринен келген акындар, маркумдун жакындары, жергиликтүү тургундар катышты.

Акындын эстелигинин ачылышында ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев, жубайы Меңди Мамазаировалар сөз сүйлөп, маркумдун урматына акындардын поэзиялык кечелерb уюштурулгандыгын белгилешеп, Жолон Мамытов сүйүүнүн, улуулуктун акыны экенин айтышты.

Жолон Мамытов (1940-жылдын 1-апрели, Ош облусундагы Кара-Суу районунунун Төлөйкөн айылы - 1988-жылдын 7-марты, Бишкек шаары) - кыргыз элинин чыгаан акындарынын бири, сүйүү акыны. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин белдүү жетекчилеринен, жаш калемгерлердин насаатчыларынан болгон.

Жолон Мамытов1940-жылы Ош облусунун Кара-Суу районунда туулган. Алгачкы ыры 1954-жылы облустук “Ленин жолу” гезитине жарыяланып, кийинки чыгармалары республикалык гезит-журналдарда, альманахтарда басылган. Акын 48 жашында дүйнөдөн кайткан.
 
Жолон Мамытовдун “Отту сүйөм”, “Жашыл аалам”, “Убакыт”, “Ырлар”, “Мезгилдин элеси”, “Буурул таңдын жомогу”, “Суунун өмүрү”, “Жарышкан суулар”, “Атка токум салгыла”, “Жүз жашка тол, кылым”, “Башат жана Мухит” аттуу поэтикалык жыйнактары басмадан чыгып, адабият күйөрмандарынын алкоосуна татыган. Айрым чыгармалары орус жана башка чет тилдерге которулган. Өзү да Федор Тютчевдин, Афанасий Феттин, Владимир Маяковскийдин, Миколас Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз