Султан Сулайман камакка кесилет: "Даңазалуу доор" сериалынын баш каарманына соттун өкүмү чыкты
Стамбулдагы сот "Даңазалуу доор" телесериалы аркылуу Султан Сулайман ролу менен белгилүү болгон актер Халит Эргенчке карата өкүм чыгарды. Аны 2013-жылы Стамбулда болгон нааразылык акцияларын иликтөө учурунда жалган көрсөтмө берген деп айыпташты.
Башында сот Халит Эргенчти 2 жыл 3 айга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын Anadolu агенттиги кабарлады. Бирок актердун сотко болгон урмат-сыйы эске алынып, жаза мөөнөтү 1 жыл 10 ай 15 күнгө кыскартылган. Anadolu белгилегендей, актер бул өкүмгө каршы даттануу укугуна ээ.
Сот ошондой эле актер Рыза Коджаоглуна да 1 жыл 8 ай эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ага да ушундай эле айып тагылган.
2013-жылы Стамбулдагы Гези паркында тарыхый казарманын ордуна соода борборун курууга каршы нааразылык акциялары өткөн. Тергөөнүн версиясы боюнча, Халит Эргенч менен Рыза Коджаоглу нааразылыкка чыккандар менен байланыштары тууралуу суроого жалган көрсөтмө беришкен.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.