Дүйнө чемпионатына тандоо: БАЭнин Кыргызстанга каршы курамы белгилүү болду

2026-жылкы Дүйнө чемпионатынын тандоо туруна карата Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасынын кеңейтилген курамы белгилүү болду.

9-турда, 5-июнда БАЭ курама командасы өз талаасында Өзбекстан менен ойнойт. Ал эми 10-июнда Бишкекке келип, Кыргызстандын курама командасы менен беттешет.
 
Команданын жаңы башкы машыктыруучусу Космин Олариу кеңейтилген тизмеге 27 футболчуну киргизди.
 
Дарбазачылар: Халид Эйса, Хамад Алмекабали, Али Хасеф.
 
Коргоочулар: Лукас Пимента, Куаме Куадио, Халифа Аль Хаммади, Ала Жир, Саша Ивкович, Халид Аль Данкхани, Маркус Мелони.
 
Жарым коргоочулар: Абдуррахман Салех, Бадер Насир, Яхья Надир, Абдулла Рамадан, Яхья Аль Гассани, Хариб Абдулла, Фабио Де Лима, Абдулла Хамид, Мухаммад Абдулбасит, Али Салех, Маджид Хасан.
 
Чабуулчулар: Луан Перейра, Бруно Де Оливейра, Кайо Лукас, Султан Адель, Жуниор Ндиайе, Кайо Канедо.
 

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз