Илон Маск Трамптын администрациясынан кетерин жар салды

Илон Маск 29-майга караган түнү «X» социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу Дональд Трамптын администрациясындагы ишин жыйынтыктаганын билдирди.

«Өкмөттөгү атайын кызматкер катары менин ыйгарым укугум аяктап жаткандыгына байланыштуу, мага ысырапкорчулукту кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берген президент Дональд Трампка ыраазычылык билдирем», — деп жазды ал.
 
Маск ошондой эле Өкмөттүн эффективдүүлүгү боюнча департаментинин (DOGE) «миссиясы» мындан ары да өнүгөрүнө ишенимин билдирди. Анын айтымында, бул миссия убакыттын өтүшү менен гана күчөйт жана бүт өкмөт үчүн жашоо образына айланат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз