Астанага Борбор Азия менен Кытайдын 250гө жакын журналисти чогулду

 Бүгүн, 29-майдаКазакстан Республикасынын Астана шаарында «Борбор Азия – Кытай – 2025» аттуу медиафорум башталып, ага Борбор Азия мамлекеттеринен жана Кытайдан 250гө жакын журналист, медиа уюмдардын өкүлдөрү жана расмий делегациялар катышууда.

Иш-чара аймактар аралык кызматташууну, маалымат алмашууну жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого арналды. Форумду Кытайдын беделдүү басылмасы  «Жэньминь Жибао» уюштурду. Кытай делегациясын Кытай Коммунисттик партиясынын Пропаганда бөлүмүнүн башчысы Ху Хэпин жетектеп келди.
 
Форумдун жүрүшүндө маалымат каражаттарынын коомдогу тынчтыкты, ынтымакты жана туруктуулукту сактоодогу маанилүү ролу баса белгиленди. Мындай демилгелер Евразия аймагында ачыктыкты, туруктуу өнүгүүнү жана өз ара ишенимди камсыздоого өбөлгө түзөрү айтылды.
 
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо сөзүн президенттин ички саясат жана коммуникациялар боюнча жардамчысы Арман Кырыкбаев окуп берди. Анда Токаев медиафорумду аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө салым кошо турган маанилүү платформа катары баалап, Кытайдын «Бир алкак – бир жол» долбоору бул өңдүү кызматташуунун ийгиликтүү үлгүсү экенине токтолгон.
 
Аталган медиафорум 3 күнгө созулуп, кийинки бөлүгү Алмата шаарында медиа тур менен уланат.
 
«Жэньминь Жибао» гезитинин башкы редакторунун орун басары Фан Цзиньшань Борбор Азия өлкөлөрүнүн маалымат каражаттары менен ийиндеше иш алып барууга даяр экенин билдирип, бул форумду кызматташууну тереңдетүү жолундагы башталыш катары баалады. Анын айтымында, басылма өзүнүн ресурс жана платформа мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен сапаттуу, кесипкөй жана көп түрдүү эл аралык медиа байланыштарды түзүп келет.
 
«Жэньминь Жибао» — Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин расмий органы болуп саналат. Бул дүйнөдөгү эң ири басылма катары саналат. Анын аудиториясы 1,5 миллиарддан ашуун окурманды камтыйт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз