УКМК жаңы имаратка көчтү. Эски имараты мамлекеттин балансына өткөрүлдү
Эркиндик бульварындагы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин эски борбордук аппаратынын имараты мамлекеттин балансына өткөрүлдү, – деп маалымдады УКМКнын басма сөз кызматы.
Салтанаттуу иш-чара 31-майда өттү.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге жаңы имарат тиешелүү стандарттарга ылайык курулуп, атайын кызматтын кызматкерлерине ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн зарыл жабдуулар менен камсыздалганын билдирди.
Ташиев белгилегендей, ал эски имаратта 4 жыл 8 ай иштеген. Анын айтымында, бул мезгил аралыгында ал “мамлекеттик маанидеги маанилүү чечимдерди кабыл алып, стратегиялык мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча жоопкерчиликти көтөргөн”.
«Көчүп кетүү – комитеттин мындан ары өнүгүүгө жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө болгон умтулуусун көрсөтөт. Эми бардык иш процесстери жана мамлекеттик органдар, уюмдар менен өз ара аракеттенүү жаңы дарек боюнча жүргүзүлөт», – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Ташиев расмий түрдө УКМКнын борбордук аппараты жайгашкан мурдагы имараттагы фасаддык такта (дарек табличкасын) алып, жеке курамдын катышуусунда ардактуу караул комитеттин туу байрагын жаңы имаратка алып чыккан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.