Таиланддык Сучата Чуангсри "Дүйнө сулуусу" наамын жеңди

«Дүйнө сулуусу» наамын таиланддык Сучата Чуангсри жеңип алды, деп маалымдалат сынактын расмий сайтында. Бул наамга 108 катышуучу ат салышкан.

Чуангсриге 21 жашта, ал эл аралык мамилелер факультетинин студенти жана модель, ошондой эле психология менен антропологияга кызыгат. Ал эмчек рагын изилдеген уюмдарда ыктыярчы болуп иштеген. Анын үйүндө 16 мышык жана беш ит бар. Сынактын сайтында айтылгандай, анын жеке урааны: «Эгер сенин аркаңдан бирөөнүн жашоосу жеңилдеген болсо, демек, сен ийгиликке жеттиң».
 
Ал бул наамга ээ болгон биринчи таиланддык кыз болуп калды, бул сынак 72-жолу өтүп жатат. Өзүнүн кайрылуусунда Чуангсри ыраазычылык билдирип, мындай деди: «Бул учур — жеке жеңиш эмес, бул — ар бир кыздын көрүнүп, угулуп, өзгөрүү жаратууну каалаган кыялы. Мен бул мурасты өкүлчүлүк кылуу жана "Дүйнө сулуусу" катары чыныгы өзгөрүүлөрдү алып келүү мен үчүн чоң сыймык».
 
Сынак Индиянын Хайдарабад шаарында өткөн. Биринчи вице-мисс наамын Эфиопиядан Хассет Дередже Адмассу, экинчи вице-мисс — Польша өлкөсүнөн Майя Клайда, ал эми үчүнчү вице-мисс — Мартиникадан Орели Жоахим ээледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз