Кара-Кулжадагы каргаша: Маркум Айзиректин балдары камкорчуну өздөрү тандашат
Кара-Кулжа районунун Сай айылында 26-май күнү 40 жаштагы жаран, аялынын өлүмүнө шектелип кармалган. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы жазды.
Маркумдун 5 баласы кайын эжесинин комкордугун берилди. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук эмгек, социалдык өнүгүү башкармалыгынын балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Бөкөтаева билдирди.
« Балдарды интернатка жайгаштыруу боюнча социалдык тармакта көп маалымат берилип жатат. Бул балдардын интернатка жайгаштырууга эч кандай негиз жок. Камкордукка ала турган туугандары бар. Азыр ушундай маалыматтарга этият болсок. Бардык балдар интернетке кирет. Аларга бул маалымат оор тиет. Коомчулуктан суранып кетет элем, бул балдардын эч кимге муктаждыгы жок. Жакшы жашаган үй-бүлөнүн балдары. Атасы камалган күндөн тартып, убактылуу камкорчу болуп бир тууган эжеси карамагына алган. Балдарды карап, ошол эле үйдө жашап жатат. Биз атайын Бишкектен психологдорду чакырганбыз. Бүгүн психолог келет. Балдар менен иштейт. Балдарга психологиялык гана жардам керек. Балдар психологиялык жардам алгандан кийин, камкорчуну өздөрү тандашат. Бул үй-бүлө көзөмөлгө ала турган үй-бүлө эмес болчу. Жакшы жашаган үй-бүлө эле»,-деди Бөкөтаева.
Маркумдун артында 5 бала калды. Эң улуусу 17 жашта болсо, эң кичүүсү 4 жашта.
Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиргендей, иш Кара-Кулжа районунан Ош облусуна которулду. Ал эми шектүү А.Б Ош шаарындагы тергөө абагына которулду.
Ош шаардык сотунун басма сөз кызматынан маалыматы боюнча, Кара-Кулжа райондук сотунун 2025-жылдын 29-майындагы токтому менен Кара-Кулжа РИИБдин тергөө кызматындагы тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган.
Айыпталуучу А.Б. К. карата 2025-жылдын 27-июлуна чейин, тактап айтканда 2 (эки) ай камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Айыпталуучу Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу мекемесинин Ош шаарындагы №25 мекемесине жайгаштырылган.
А.Б.нын уулдары А. - 2008-жылы туулган, Н. - 2010-жылы туулган, М. - 2014-жылы туулган, кыздары А. - 2017-жылы туулган, М. - 2021-жылы туулган. Балдар айыпталуучунун бир тууганынын камкордугуна убактылуу өткөрүлүп берилген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.