Ли Чжэ Мён Түштүк Кореянын президенти болуп шайланды
Түштүк Кореянын президенттик жарышында демократиялык «Тобуро» партиясынан талапкер Ли Чжэ Мён жеңишке жетти. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги маалымдады. Добуш берүүнүн 100% бюллетендери саналып бүткөндөн кийин ал шайлоочулардын 49,4% добушун алды.
Анын негизги атаандашы — «Жарандык күч» партиясынан Ким Мун Су 41,15% добуш алса, "Реформа" партиясынан Ли Чжун Сок 8,34% добуш алды. "Эмгек демократиялык" партиясынан Квон Ён Гук 0,98% добуш алса, көз карандысыз талапкер Сон Чжин Хо 0,1% добушка ээ болду.
Республикалык Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, бул жолку шайлоого катышуу көрсөткүчү 1997-жылдан бери эң жогору болду — 79%дан ашты. Өлкө боюнча 14 259 шайлоо участкасы иштеди. Негизги добуш берүү күнү эртең мененки саат 6:00дөн кечки 20:00гө чейин өттү. Бул көрсөткүчтөргө мөөнөтүнөн мурда добуш берүү да кошулган. Ал 29–30-май күндөрү өткөн жана ага шайлоочулардын 34,74% катышкан.
Бул президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлдү. Анткени мурунку президент Юн Сок Ель төңкөрүш жасоого аракет кылган: декабрда ал аскердик абал жарыялап, парламенттин ыйгарым укуктарын токтоткон. Ал депутаттарды өкмөттүн ишин токтотууга аракет кылууда деп айыптаган. Өз кезегинде парламент аскердик абалды жокко чыгарып, импичмент жараянын баштоого добуш берген. Юн Сок Ель бул чечимге баш ийүүгө аргасыз болгон.
Декабрь айында парламент Юн Сок Ельди кызматтан четтетүү боюнча добуш берип, 2025-жылдын 4-апрелинде Конституциялык сот бул чечимди мыйзамдуу деп тапкан. Азыркы учурда Юн Сок Ель тергөө астында.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.