Француз полициясы эки кыргызстандык жаранды баңгизат менен кармады,-элчи
2-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз билдиргенине караганда, Европада жүргөн кыргызстандык жүк ташуучу унаалардын айдоочулары катышкан эки кармоо фактысы Францияда болгон.
Анын айтымында, полиция Литвадан келген делген баңгизаттарды ташып бара жатышкан кыргызстандыктарды кармаган.
«Алар алгач Литвада иштешкен, кийин айрым кылмыштуу топтор биздин жарандарды өздөрүнө тартып алышкан. Бул кылмыштуулук түрүн токтотуу үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Биздин балдар жеңил акча табам деп алданып, айрым литвалык компанияларда иштеп калышат. Баңгизаттарды ташып бара жатып кармалышкан, азыр соттук териштирүүлөр жүрүп жатат», – деди элчи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.