Жердеги магниттик боорон 66 саатан кийин жыйынтыкталды
66 сааттан кийин аяктаган магниттик бороон 2017-жылдагы рекордду жаңырта алган жок, деп билдирди РАНдын Космостук изилдөөлөр институтунун (ИКИ РАН) Күндү изилдөө лабораториясынын басма сөз кызматы өзүнүн Telegram-каналында, деп жазат "CentralAsia".
Бороон болжол менен 1-июнга караган түнү саат 3төр чамасында башталып, 3-июнда саат 21лерге жакын толугу менен токтогон. Бул тууралуу лабораториянын сайтына жайгаштырылган маалыматтарда айтылат.
Ушул убакыттын ичинен алты саат бою Жердин магнитосферасы жөн гана козголгон абалда болгон. 1-июнда таңга жуук бороон беш деңгээлден турган шкаланын акыркысынын алдындагы деңгээлге – G4кө жеткен. Бул деңгээл «өтө күчтүү» дегенди билдирет, бирок «экстремалдуу» эмес.
Бирок негизинен бул бороон G1 – G2 деңгээлдеринде болгон, бул «алсыз» жана «орточо» дегенди билдирет.
2017-жылы магниттик бороон 69 саатка созулган, ал эми 2005-жылдын сентябрында «Жердин магнит талаасы 75 саат бою тынымсыз сары-кызыл зонада болгон» деп мурда лабораториядан билдиришкен.
Ал эми 2-июнда, бороон толук токтой электе, лабораториядан билдиришкендей, Күндөн чыккан масса ылдамдыгы жана температурасы боюнча акыркы 20 жылдагы эң чоң бороонго себеп болгон май айындагы чыгаруулардан ашып түшкөн. Адистердин маалыматына караганда, 1-июнда Күндөн чыккан заттын ылдамдыгы 1100 км/секундга, ал эми температурасы 2–3 миллион градуска жеткен.
Магниттик бороондор Түндүк Американын түнкү асманында жаркыраган түндүк жаркыроолорун (аврораларды) алып келген.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.