Ошто коомдук транспорттор үчүн жол акысы көтөрүлдү

 Бүгүн, 4-июнда  Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында шаар аймагындагы коомдук транспорттун бардык түрлөрү үчүн жүргүнчүлөр төлөй турган жол акыларынын жаңы тарифтери бекитилди. Бул тууралуу «Турмуш» басылмасы жазды.

Ошондой эле “Ош шаардык муниципалдык автоунаа” муниципалдык ишканасы көрсөткөн айрым кызматтар үчүн акы төлөө нарктары да жаңыланды.
 
Бул маселени сессияда “Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын” жетекчиси Саибжан Турдуев жана Жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин жетекчичи Жанболот Бердиев сунуштап, депутаттарга негиздемеси менен бирге тааныштырды.
 
“Жол акысы боюнча тарифти бекитүү маселеси 2021-жылы көтөрүлгөн. Андан бери күйүүчү майдын, автоунаа тетиктеринин баасы өстү. Акыркы жолу 2021-жылы жол акы 3 сомго жогорулап, 15 сом болгон. Жол киренин арзандыгынан жана чыгымдардын көптүгүнөн улам маршруттук каттамдар азайып кетти. Мурун 600-650 маршруттук такси каттаса, азыр 500-550гө чейин кыскарып калды. Эгер жол кире маселеси оң жакка чечилсе, кошумча 50-80 маршруттук такси кайра каттамга чыгат”, – деп айтылат маалыматта.
 
Жаңы тарифтер төмөнкүдөй:
 
Шаардык кичи автобустар (маршруттук таксилер):
 
Окуучулар үчүн – 10 сом;
 
Чоң кишилер үчүн – электрондук капчык менен төлөм - 17 сом, нактайлай - 20 сом.
 
Автобустар жана троллейбустар үчүн:
 
Электрондук төлөм – 15 сом;
 
Накталай төлөм – 17 сом.
 
Бул маселе сессияга коюлуп, Ош шаардык кеңешинин 36 депутаты макул болуп, 6 депутат каршы добушун берди. 
 
Жол акынын тарифин көтөрүү боюнча маселе колдоо тапты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз