Трамп 12 өлкөнүн жарандарына АКШга кирүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду

АКШнын президенти Дональд Трамп Ооганстан, Бирма, Чад, Конго, Экваториалдык Гвинея, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан жана Йемен сыяктуу өлкөлөрдүн жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салган жарлыкка кол койду, деп билдирди Ак үй.
 
Бул өлкөлөр «текшерүү жана баалоо жагынан натыйжасыз жана АКШ үчүн өтө жогорку тобокелчилик жаратат» деп табылган. Жети өлкөнүн жарандарына карата жарым-жартылай тыюу киргизилди: Того, Түркмөнстан, Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне жана Венесуэла. Бул өлкөлөр «ошондой эле АКШ үчүн жогорку деңгээлдеги коркунуч туудурат».
 
Тыюу 9-июндан баштап күчүнө кирет.
 
«Бул жарлык мыйзамдуу туруктуу жашоочуларга, учурдагы визанын ээлерине, айрым виза категорияларына жана АКШнын улуттук кызыкчылыгына жооп берген адамдарга карата өзгөчөлүктөрдү карайт», — деп айтылат билдирүүдө.
 
Ак үйдүн басма сөз кызматы Трамптын цитатасын келтирген, анда ал: «Биз радикал исламчыл террористтердин өлкөбүзгө киришине жол бербейбиз», — деп убада берген.
 
Трамп өзүнүн биринчи президенттик мөөнөтүндө дагы башка өлкөлөрдүн жарандарына кирүүгө чектөө киргизген. Ал кезде тыюу тизмесине тогуз өлкө кирген: Куба, Иран, Ливия, Түндүк Корея, Сомали, Судан, Сирия, Венесуэла жана Йемен. Бул жарлык кийинчерээк анын мураскери Жо Байден тарабынан инаугурациядан дароо кийин жокко чыгарылган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз