Лос-Анжелестеги нааразычылык: 56 адам кармалды
Лос-Анжелестин бийлиги өткөн дем алыш күндөрү кеминде 56 нааразычылык акциясына чыккандар кармалганын билдирди. Алардын бири полиция кызматкерине Молотов коктейлин ыргытып жиберсе, дагы бири укук коргоо кызматкерин мотоцикл менен сүзгөн деп айыпталууда. Бул тууралуу NBC телеканалы кабарлады, деп жазат "CentralAsia".
Полиция башчысы Жим Макдонелл журналисттерге 7-июнь, ишемби күнү, анын кызматкерлери 29 кишини кармаганын билдирди. Полиция департаментинин капитаны Рауль Ховель андан кийин 8-июнь, жекшемби күнү дагы он адам кармалганын маалымдады. Ал ошондой эле Калифорниядан Вашингтон штатына чейинки Батыш жээгиндеги трассада жол коопсуздугу кызматы тарабынан дагы 17 адам кармалганын кошумчалады.
Калифорниядагы нааразычылык акциялары 6-июнда башталган. Анын себеби – жергиликтүү жашоочулардын АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын аракеттерине каршы чыгышы болду. Бул мекеме Ак үйдүн тапшырмасы менен мыйзамсыз мигранттарды кармап, өлкөдөн чыгаруу иштерин жүргүзүп жаткан. Протесттерди басуу үчүн шаарга Улуттук гвардиянын 300 аскери киргизилген. Шаардан 240 чакырым алыстыкта жайгашкан Твентинайн-Палмс аскер базасында 500 деңиз пехотачысы жайгашып, аларды шаарга жөнөтүүгө даяр турушат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.