Ош шаардык кеңешинин депутаты Айжан Тогузакова жерин муниципалитетке өткөрүп берди
Ош шаардык кеңешинин депутаты Айжан Тогузакова Ак-Буура дарыясынын жээгинде жайгашкан жерин мамлекетке өткөрүп бергенин мэр Жеңишбек Токторбаев Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Токторбаевдин айтымында, буга чейин аталган даректеги жер ээлери ал жерге ашкана куруп, иштетип келишкен.
«Айжан Тогузаковага терең ыраазычылык билдирем. «Эгер мамлекетке керек боло турган болсо, эч кандай маселе жок» деп, жерин өз каалоосу менен мамлекетке өткөрүп берип жатат. Эгер шаар үчүн керек болсо, эч кандай көйгөй кылбайбыз. Мезгилинде туурабы, туура эмеспи, мамлекеттик акт алганбыз. Сиздин саясатыңыз ошондой болсо, биз каршы эмеспиз, бирок бизге жер бергиле», - деди Жеңишбек Токторбаев.
Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы Айжан Тогузаковага тиешелүү делген менчик жер алмашуу жолу менен муниципалдык менчикке кайтарылганын билдирди.
«Ал жерин жөн эле өткөрүп бербейт. Жердеги курулуштарды алып кетет. Биз баалап туруп, башка жерден жер беребиз. Анын жер аянты кичинекей эле», - деп айтылат маалыматта.
Айжан Тогузакованын өзү менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болгон жок.
Айжан Тогузакова «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынан шайланган депутат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.